7-КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫН АЛГЕБРА САБАГЫНА АКТИВДЕШТИРҮҮНҮН ЖОЛДОРУ
Аннотация: мектеп курсунда математика сабагын адегенде математика деп берип 7-класстан баштап алгебра жана геометрия деп бөлүп карайбыз. Бул учурда окуучуларда математикага болгон кызыгуусу начарлаганы байкалып мугалимдерди түйшөлтө баштайт. Мугалимдер жаш өзгөчөлүккө жана окуучулардын физиологиялык абалына карап алгебра сабагына окуучуларды активдештирүүнун жолдорун карап башташат. Замандын талабы, технологиянын өнүгүшүнө карап, алгебра сабагына активдештирүүчү оюн технологияларын колдонсок жакшы натыйжа чыгат
Ключевые слова: методикалык сабаттуулук, оюндардын түрү, активдештирүү, курак өзгөчөлүк, математикалык сабаттуулук, PISA-test, STEM- сабактар.
Кыргыз элинде “7” деген сан өзгөчө орунду ээлейт. Макал-лакаптарда да, каада-салтта да, белгиленген даталарда да “жети (7)” саны көп кездешет. Мисалы, “Жетинин бири- кыдыр”, көзү өтүп кеткен кишинин жетилигин чыгаруу, 7-апрель ж.б. ушул сыяктуу мектеп окуучуларынын арасынан 7-класстын окуучуларын дагы өзгөчө окуучулар деп эсептесек болот.
7-класстын окуучуларга талаптарды коюудан мурда, психологиясына жана курак өзгөчөлүгүнө көңул буруубуз абзел. Курактык өзгөчөлүгү боюнча жалпы, өспүрүм курак дейбиз. Анын ичинен 12-14 жаш кыздар, 13-14 жаш балдар.
Физиологиялык жактан бул курак жыныс бездеринин жетилүү мезгили болуп эсептелет. Бул куракта баланын аң-сезими, ар нерсеге кызыгуусу өсөт. Бала бул мезгилде өтө сезимтал жана өтө баамчыл болуп, таарынчак келет, кыял-жоругу өзгөрөт, айрымдары бой көтөрөт, таш боор боло баштайт, кээ бири улуулардын сөзүн урматтабайт (кереги жок акылдарды айтып жаткандай сезилет), өз боюна жана сырткы көрүнүшүнө абдан көңүл бурушат, түнт мүнөз пайда болот. Өспүрүмдөрдүн психикасы жана күч-кубаты өсүп жетиле элек болгондуктан алардын карама-каршылык аракеттери ачык эле көрүнүп турат. Алардын айрым кыял-жоруктары чектен ашып бараткандай сезилет.
7-класстын окуучуларын алгебра сабагына активдештирүү үчүн алгач эле алгебра предметин мыкты өздөштүргөн жана методикалык сабаттуулу мол болгон математика мугалими керек. Сабактын жүрүшүндөгү этаптарды класстын билим-деңгээлине жана активдүүлүгүнө карап уюштуруу зарыл. Мугалим өз предметин мыкты билсе, анда ал методиканы өзү эле өздөштүрө алат. Кыйын педагогдордун арасында математика мугалимдери көп экени күмөнсүз.
Алгач, “кызыгуунун сыры эмнеде?”- деген суроого жооп издеп көрөлү. В. А. Сухомлинскийдин “Мугалимге жүз насаат” китебиндеги маалыматка көңүл бурсак. Ал : “Сабак кызыктуу жүрүп жатат деген- бул, демек окуу, ой жүгүртүү окуучунун көңүлүнүн эргиши, толкундашы менен, ачылып жаткан чындыктын алдында таңдануу, кээде ал түгүл айраң калуу менен, өзүнүн акыл күчтөрүн баамдоо жана сезүү менен, чыгармачылык ыракат менен, адамдын акыл эсинин жана эркинин улуулугуна сыймыктануу менен коштолуп жүрүп отурат дегендикке жатат.”- деген. Сабак учурунда, окуучулар өз эмгегин жана ийгилигин сезе алгандай кылып сабак өтүүгө умтулуу керек. Интерактивдүү метотдорго таянсак, кызыктуу оюн же жашоо-турмушка байланышкан усулдарды пайдалануу керек.
Азыр мектептерде окуучулардын функционалдык сабаттуулугун текшерүүчү тесттерди мектеп окуучуларынан алып жатышат. PISA-test баарыбызга эле белгилүү. 7-класстын окуучулары дагы ушул тестирлөөгө катышышат. Аларга сабак учурунда өтүлүп жаткан теманын жашообуздагы ордун, кайсы учурда керек болоорун түшүндүрүү өтө эле керек. Окуучулардын функционалдык сабаттуулугун жогорулатуу максатында, сабактын жүрүшүн, жашоо-шарттагы актуалдуу темаларга багыттап окутуу керек деп эсептейм.
7-класстар үчүн предметке байланыштуу жагымдуу маанай уюштурууда “Беш”, “Канча бир тууган?” жана башка ушул сыяктуу оюндарга окшош оюндарды ойнотсок болот.
“Беш” оюну. Окуучуларга ирээти менен аткара турчу шарттарды түшүндүрүп берүү.
Ирээти менен аткар:
- Бир орундуу сан ойлон;
- Ага андан кийинки санды кош;
- Келип чыккан суммага 9 санын кош;
- Келип чыккан сумманы 2 санына бөл;
- Келип чыккан сандан биринчи ойлогон санды кемит;
- Канча чыкты?
Келип чыккан жыйынтык баардык учурда 5ке барабар. Жыйынтыгын окуучуларга жалпы биргеликте айтуусун талап кылуу. Окуучулар жалпы “беш” деп айтышат. Бул оюнда окуучулар жалпы класс менен сабакка даяр экендигин билдирет. Мисалы, 9 санын ойлоп, ал санга 10 ду кошушат . Келип чыккан суммасына 9ду кошушат Андан келип чыккан сумманы 2ге бөлүшөт Келип чыккан тийиндиден биринчи ойлогон санды кемитишкенде “5” саны келип чыгат. Бул жыйынтык каалагандай бир орундуу сан үчүн туруктуу. Бул оюн сабактын уюштуруу этабына сунушталат.
“Канча бир тууган?” оюну. Окуучуларга оюндун шартын түшүндүрүп берүү.
биртуугандарынын саны
кыз биртуугандарынын саны
Оң жагы кыз биртуугандарынын саны
Сол жагы биртуугандарынын саны
Келип чыккан жыйынтык окуучуларды таң калтырат. Бири-биринен жоопторун сурашып, өз алдынча текшериешет. Мисалы, биртуугандарынын саны 5 жана анын ичинен 2 кыз биртууганы бар болсун. Жогорудагы туюнтмага алып барып койсок туюнтма 127ге барабар болот ( ). Келип чыккан натыйжадан 75ти кемитсек натыйжа 52 ге барабар болот Келип чыккан эки орундуу сандын оң жагындагы цифрасы кыз биртуугандарынын, ал эми сол жагындагы цифрасы жалпы биртуугандарынын саны болот. Биздин жооп туура чыкты оң жагындагы цифра 2, сол жагындагы цифра 5. Бул оюн сабактын “уюштуруу” этабына сунушталат.
Полная версия статьи PDF
Номер журнала «Вестник науки» № 8 (77) том 4
Ссылка для цитирования:
7-КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫН АЛГЕБРА САБАГЫНА АКТИВДЕШТИРҮҮНҮН ЖОЛДОРУ // Журнал «Вестник науки» от 25 августа 2024 г. № 8 (77) том 4. С. 263 - 267. 2024 г. ISSN 2712-8849 // Электронный ресурс: https://www.вестник-науки.рф/article/17084 (дата обращения: 29.11.2026 г.)
Альтернативная ссылка латинскими символами: vestnik-nauki.com/article/17084
Нашли грубую ошибку (плагиат, фальсифицированные данные или иные нарушения научно-издательской этики) ?
- напишите письмо в редакцию журнала: zhurnal@vestnik-nauki.com
