Научный журнал «Вестник науки»

Режим работы с 09:00 по 23:00

zhurnal@vestnik-nauki.com

Информационное письмо
  1. Главная
  2. Архив
  3. Вестник науки от 25 августа 2024 г.
  4. Научная статья № 49
Просмотры  309 просмотров

ЖООКЕР, ЖЕҢИШКЕР, БААТЫР АКЫН СООРОНБАЙ ЖУСУЕВ СОГУШ ТАЛААСЫНДА

Аннотация: Макалада Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуевдин партиоттук ырлары жана согуш талаасындагы күндөрү

Ключевые слова: согуш, майдан, жоокер, офицер, акын, поэзия, баатыр, станция, Панфилов.

О, анда мындан башка элем,

Он сегиз гана жашта элем,

Кан күйгөн жерде жүргөнмүн

Касканы кийип башка мен,–

деп жазат айтылуу акыныбыз Сооронбай Жусуев өзүнүн жоокердик күндөрү жөнүндөгү ырларынын биринде. Чынында эле ал он сегиз жаш курагында республикабыздын эң алыскы, тоолуу Алайкуу деген жерден жөө басып Кара-Суу темир жол станциясына жетип, кызыл эшелонго түшүп Алматы шаарына жетип, андан кан майданга атактуу Панфилов атындагы гвардиялык дивизиянын катарында байланышчы болуп согушка катышканда, акын дагы бир ырында жазгандай:

«Эрбейип эми чыккан мурутума

Тие элек кези болчу устаранын» – дейт да, анан: «Өмүрдө кыз кучактай элегимде,

кучактап жүрдүм автоматты» – деп жазган. Мунун бардыгы чындык болчу.

Тоодогу айылда өскөн жигиттин башына оор сыноо түшөт. Күн-түнү үзүлгөн телефон зымдарын улап, батарея менен байкоо пунктунун ортосундагы байланышты камсыз кылып, жаш жоокер өз милдетин так аткарып жүргөндө эки жолу жоо огунан жарадар болуп, госпиталдарда дарыланып, кайра өз бөлүгүнө келип кызматын улантып, согуштун аяктагнын өз көзү менен көрөт. Акын өз өмүрүндө эң бактылуу күн деп 1945-жылдын 9-майын эсептейт. Бул жөнүндөгү анын ырлары «Согуш жана жеңиш», «АлатТабкоо барда мен бармын», «Поэзия-тагдырым», «Миң кайрык» аталышындагы китептеринин эң көрүнүктүү жерине жарыяланган.

Акын айыл мектебинде окуп жүргөндө эле мектептин дубал гезитине ырлар жаза коюп жүргөн эле. Ал эми майданда кээде тынчтык боло калган учурларда чөнтөк дептерине ыр саптарын жазып, алгачкы ырын бүткөндө ал кезде кеңири таанымал патриот акын Жоомарт Бөкөнбаев редакторлук кылган «Советтик Кыргызстан» журналына жиберет. Жаш жоокер, жаш акындын алгачкы ырын Жоомарт Бөкөнбаев жактырып, авторго кат жазып, ырын журналга жарыялайт. Акындын чыгармачылык өмүр баяны ошол «Алдыга жүргүн, кыргыздар!» деген ырдан башталат.

Айбаттуу, канкор душманды

Алдыда турган түнөрүп

Бактысын кыркып кууратып,

Батышка карай сүрөлүк.

Өлөрман душман өрөпкүп

Өмүрү өчсүн түбөлүк.

Ар-намыстуу кыргыздар,

Алдыга жүргүн күүлөнүп.

Акындын чыгармачылыгындагы негизги темалардын бири согуш жана тынчтык болуп келгени белгилүү. Колуна курал алып, кандуу согушка катышып, анын азыр тозокторун көргөн акын бул маанилүү темада ийгиликтүү иштеп, узак жылдардын арасында көптөгөн чыгармаларды жаратты. Согуш темасында өтө активдүү иштеген акыныбыздын чыгармачылыгын окуу, үйрөнүү айрыкча кийинки муундарга абдан зарыл.

Сүйүнбай Эралиев жеңиштин 70 жылдыгына карата Сооронбай Жусуевге ыр  арнап, ошону менен катар эле,  “Солдат жана жер шары” аттуу согуш жылдарындагы ырлар жыйнагын жарыкка чыгарды. Алардын арасында кечээ жакында жазылган “Жеңиш” аттуу ыры бар.

Жеңиш

Төрт жылы үйдөн-жайдан безип жүрүп.

Ажалдын не бир түрүн кезиктирип,

Күнү-түн жанталашып атып жүрүп,

“Алсаң ал өз жанымды, Ата журтту

“Бербейм!” –деп, жерди төшкө басып жүрүп,

Жуурулган кан, тер жана көз жашына

Апкелген жеңиш мына, жетимиш жашта!”

Сооронбай Жусуев менен согуш жана өмүр тууралуу маектешүүдө:

Сооронбай Жусуев: «Ушундай тагдыр берген кудайга миң мертебе ыраазымын»

– Согуш башталганда 16 жашта элем. Согуш алдындагы боз улан курагым, согушка кантип аттанганым, Алайкуудан ары чыкпаган менин эл-жер кыдырганым, согуш учуру, согуштан кайтып келгеним—айтор өткөндүн баары оюма чубап келе берет. Ал убакта патриоттук сезим күчтүү экен, 16 жашыбызда эле «майданга барчубуз» деп дегдеп аттык. Акыры 18 жашка толуп, 1942-жылы согушка чакырылдым. Кара-Суудагы темир жолду биринчи жолу көрүшүм эле. Кызыл эшелонго салып Жалал-Абадга, андан Тажикстан, Өзбекстан аркылуу Казакстанга алып келишти. Ошентип алгач көргөн шаарым Алматы болуп калды. “Максим” деп аталган пулеметту чогулттуруп, кайра салдырып, окоп, траншея каздырып, согушка даярдап жатышты. Ал жерден Министрлер Кеӊешинин төрагасы Ундасынов сөз сүйлөп, бизди оркестр менен согушка узатышты. Поезд менен жүрүп олтуруп, Москваны вагондон гана көрүп, Вологое деген жерде согушка кирдик.

Согушта өлүмсүз саат болбой, кызыл кыргын, душмандар менен уруш жүрүп жатты. Орустардын үйлөрүнүн кирпичтен жасалган морлору гана калып, кыштак кырылып, талкаланганын көзүбүз менен көрдүк. Жеткирип келген офицерлер кайра кетип, бизди 8-гвардиялык дивизияга өткөрүп беришти. Княжий клин кыштагына келгенде мылтык, автомат, миномет, замбиректердин үнү угулат. Бизди полкторго бөлө башташты. Мени менен фронтко бир барган Буккулуев Орзу экөөбүз тең 27-артиллерия полкуна бөлүндүк. Фронтко жакын жерде, токойдун арасында аскерлер өздөрү жасап койгон мончосу бар экен. Ошондо мончону биринчи жолу көрүшүм эле, Алайкуудан чылапчынга эле киринип алчубуз.

Согуш талаасы. Кийимчен эле уктайбыз. Түнкүсүн снаряддар жарылганда, салюттай болуп, асман кооз боло түшөт. Бир ирет ошондой кооздукту карап турсам, Ковальчук аттуу аскердик байланышуу сырларына үйрөтүп жүргөн киши, мени мойнуман тартып, алдына алып жатып, снаряддын огунан сактап калган. Болбосо ошо жерден коштошуп кете бермек экенмин. Кийин эки ирет жарадар болдум. Госпиталга жатып, кайра катарга кошулуп калам. Биз байланышчы болгондуктан, үзүлгөн байланыш зымдарын калыбына келтирип, күн-түнү байланышты үзгүлтүксүз камсыз кылып турдук. Сыртыман сопсоо көрүнүп турганымдан, мени жазуучу журту да «Сен согушка чын эле бардың беле?» деп тамашалап калышчу. Анткени Жунай Мавлянов буту жок келди, Түмөнбай Байзаков да бутунан жараат алган, Олжобай Орозбаев да ошондой. Анда мен: «Мен немистерден этият аткыла деп суранганмын» деп ыр менен жооп берип калчумун.

Панфилов районунан чыккан чүйлүк жоокер менен бирге элиме кайтып келаттым. Элдин баары жеңишти майрамдап, жоокерлер ичип, ырдап-бийлеп келатышты. Жаңы жылды Ленинграддан тостук. Андан Москвага келсек, Кыргызстанга поездге билет жок, үч күн дегенде араң тиги жоокер билет таап келди. Ал Панфилов районуна, мен Кара-Суу станциясына жеттик. Советте Кимия эжем бар эле, үйү кайсы деп сурагыча эле, түндөсү мени көргөн кишилер сүйүнчүлөп, аман-эсен, алты саным эсен-соо келгениме кубанып жатышты. Алайкууга кабар жетип, агам ат минип келиптир, ошол атка учкашып, элиме, жериме келдим. Баштыгымда жарым кило сухарь менен консерва бар эле, менин белегим ошо болду.

Атам казы болгон, айылга мечит салып, анын тегерегине терек тиккен. Апам мени ошол терек арасынан төрөп, киндигимди агамдын ойноп жүргөн жети жашар кызы Чоюнга кестириптир. Ошол терек арасына, эски тактайга “1946-жылдын 13-январында согуштан келдим” деп жазып коюптурмун. Көп жылдан кийин ошол жазууну көрдүм. Ата-энемдин тун уулу чарчап калып, мени ырымдап чоңойтушуптур. Абдан этияттап багып, кары кишиге багууга беришиптир. Бир жума аялы Бурул эмчегин эмизип, бир жумадан кийин бир кап тезекке ата-энем мени “сатып алышыптыр». Бала кезде куш тырмактарын тагып, кулагыма сөйкө салып, үч эжем кайтарып чоңойтуптур. Ошол бала мына азыр Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Кыргыз эл акыны болгон.

Дүйнөнүн жүзүн өрт чалып

Кара жалын каптады.

Ушундай апаат күндөрдө

Уяттан уят эмеспи

Уулуңдун үйдө жатканы,–

деп кан майданда жоокердик милдетти так аткарган, ал эми согуштан кийинки көп жылдардын ичинде кыргыз адабиятында жоокердик мүнөз менен талыкпай жана жемиштүү эмгектенип, көп мыкты чыгармаларды, анын ичинде согуш темасында ар кыл маанилүү ырларды, ири полотнодогу поэмаларды жараткан чебер акыныбыз элибизге кеңири таанылып, окурмандарыбыздын урмат-сыйына татыктуу болду. Анын адабияттагы бардык эмгеги адилет, калыс бааланып, мекенибиздин эң жогорку сыйлыгы болгон республикабыздын Баатыры деген наам берилип, төшүнө «Ак шумкар» аттуу өзгөчө белги тагылды.

Сооронбай Жусуев «Согуш» деген ырында согушту жек көрүү менен бекеринен минтип жазган эмес:

Тапса сени соолтучу арганы,

Адамзаттын калбас эле арманы.

Көрбөсө дейм анда жексур өңүңдү

Балдарымдын балдарынын барлдары!

Согушту өз көзү менен көрүп, анын азабын тарткан акын гана минтип айтканга акылуу!


Полная версия статьи PDF

Номер журнала «Вестник науки» № 8 (77) том 4


Ссылка для цитирования:

Имомидин кызы Сыргайым, Айтбай кызы Гүлжаннат ЖООКЕР, ЖЕҢИШКЕР, БААТЫР АКЫН СООРОНБАЙ ЖУСУЕВ СОГУШ ТАЛААСЫНДА // Журнал «Вестник науки» от 25 августа 2024 г. № 8 (77) том 4. С. 268 - 273. 2024 г. ISSN 2712-8849 // Электронный ресурс: https://www.вестник-науки.рф/article/17085 (дата обращения: 29.11.2026 г.)


Альтернативная ссылка латинскими символами: vestnik-nauki.com/article/17085



Нашли грубую ошибку (плагиат, фальсифицированные данные или иные нарушения научно-издательской этики) ?
- напишите письмо в редакцию журнала: zhurnal@vestnik-nauki.com


Вестник науки © 2024.    16+




* В выпусках журнала могут упоминаться организации (Meta, Facebook, Instagram) в отношении которых судом принято вступившее в законную силу решение о ликвидации или запрете деятельности по основаниям, предусмотренным Федеральным законом от 25 июля 2002 года № 114-ФЗ «О противодействии экстремистской деятельности» (далее - Федеральный закон «О противодействии экстремистской деятельности»), или об организации, включенной в опубликованный единый федеральный список организаций, в том числе иностранных и международных организаций, признанных в соответствии с законодательством Российской Федерации террористическими, без указания на то, что соответствующее общественное объединение или иная организация ликвидированы или их деятельность запрещена.