УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШ МЕЗГИЛИНДЕГИ АКЫН-ЖАЗУУЧУЛАРДЫН ТАГДЫРЫНАН
Аннотация: Бул макалада согуш учурундагы акын-жазуучуларыбыздын тагдыры, ошол учурду бизге өз көзү менен көрүп, аны чыгармаларында андан ары да көркөмдөп, таасирдүү баяндап жеткирип бере алды
Ключевые слова: согуш, майдан, жоокер, Панфиловчулар, фронт, офицер, акын, поэзия, оорук, баатыр.
1941-жылдын 22-июнь күн өлкөбүздүн деги эле бүткүл дүйнө элинин тарыхына чукул бурулуш жасап, өзгөртүү киргизди. Улуу Ата Мекендик согуштун башталышы кыргыз эли үчүн гана эмес бүткүл Совет эли үчүн чоң сыноо болду. Эркектердин эмгекке жарамдуу бөлүгүнүн бардыгы согушка кетип, тылда аялдар, кары-картан, жаш балдар калган. Бирок алар да жөн эле олтуруп калбай колунан келишинче согуш майданында жүргөн аскерлерибиз үчүн иштеп жатышты. Согуш канчалаган адамдарды алып тынды, майданга кетип кайтпай калган күйөөсүн күткөн аялдар, бир тууган агасын, инисин, сүйгөн адамын күткөн жандар, өмүрлүк шеригинин окко учканын уккандагы күйүттөр… Ооба, биз булардын бардыгын өз көзүбүз менен көргөн жокпуз, бирок ошол учурду көрүп, өз чыгармаларынан бизге жеткирген таланттуу акын-жазуучуларыбыздын эмгектери бизди ошол учурга алып барып келет эмеспи. Ар бир элдин тарыхы, адабияты болгондой эле согуш мезгилине чейин кыргыз адабияты дагы бир нукта өнүгүп келе жаткан эле. Ал эми согуш жылдары — кыргыз адабиятынын толкуну оргуштап, жаңы дем менен алдыга чыккан мезгили. Улутчул Герман өлкөсүнүн огуна каршы мекенчил ыр-саптары менен жаңы жаш акындар, биримдикке жана элди, жерди коргоого сүрөгөн чыгармалары менен жазуучулар чыга келишти. Ал жылдары кыргыздын мыкты адабий чыгармалары, ыр-жыйнактары жазылып, кийинчерээк алар «Кыргыз кереметин» жаратуучулар тарабынан тасмага түшүрүлдү.
Белгилүү болгондой Совет бийлиги көпчүлүк акын-жазуучуларды согушка жөнөтпөй тылда алып калган. Алардын арасында Чыңгыз Айтматов, Алыкул Осмонов, Түгөлбөй Сыдыкбеков, Аалы Токомбаев болгон. Аларга элди үгүттөө милдети жүктөлгөн.
Согуш мезгилинде адабиятыбызда К. Жантөшевдин «Курманбек», К. Маликов менен А. Куттубаевдин «Жаңыл», Т. Сыдыкбеков менен К. Рахматуллиндин «Манас менен Алмамбет» драмалары, А. Токомбаев менен К. Маликовдун «Сейтек» либреттолору сыяктуу чыгармалар жаралды. Бул чыгармалар согуш мезгилинде элдин патриоттук ой-сезимин ойготууда маанилүү роль ойногон.
Согуш жылдарында СССРдин маданият ишмерлери майдан менен бирге ооруктагы окуяларды, күнүмдүк жашоолорду үзбөй жазып, адабият менен маданият тармагында чыгармалар жарыяланып турган. Ошол эле учурда, Мекенинде калган маданият ишмерлери да жоокерлерге дем-күч берүү максатында кан күйгөн майдандын өзүндө оюн-зоок тартуулап, жергиликтүлөрдүн жардамын жеткирип турууга кызмат өтөшкөн.
Улуу Ата Мекендик согушка барган акын-жазуучуларыбыздын жана фронтко барып, маданий программаларды уюштурган мекендештерибиздин тизмесин сунуштайбыз:
(Эскертүү: Тизме толук эмес)
- Абдукаимов Узакбай
2.Бектенов Зияш
3.Бөкөнбаев Жоомарт
- Жусуев Сооронбай
- Каимов Касым
- Мавлянов Жунай
- Маликов Кубанычбек
8.Өмүрканова Мыскал
- Турусбеков Жусуп
- Үмөталиев Темиркул
- Шүкүрбеков Райкан
- Элебаев Мукай
- Эралиев Сүйүнбай
- Эсенкожоев Кусейин
Узакбай Абдукаимовдун тагдыры
Узакбай Абдукаимов кыргыз элинин белгилүү жазуучусу, котормочу, прозаик, акын жана драматург Узакбай Абдукаимов 1909-жылы азыркы Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Багыш айылында туулган.
Согушка офицер катары катышкан. Фронттогу жолун 1942-жылдан баштады. Псков облусунун Беларусияга жакын Великие Лука деген шаарына коюлган чабуулдардын биринде жаракат алган. Анан аны окууга жиберишти. 1943-жылы Кызыл туулуу Киров атындагы 1-Ленинград жөө аскерлердин училищесине кабыл алынат да, ал жерде бир жыл окуйт. Миңдеген кыргыз жигиттери катардагы жоокер болуп согушка аттанып жатса, ал алаамат урушка офицер катары кирди. Ар түрдүү улуттагы аскерлерди башкаруу үчүн согуш өнөрүн гана эмес, орус тилин мыкты билүү керек. Узакбай Абдукаимовдо ошондой сапаттар бар эле. 1945-жылы согуш аяктап калганда Кенигсбергдин алдында жарадар болуп, Улуу Жеңишти Германияда тоскон. Анан аларды 39-армиянын курамында Маньчжурияга япон согушуна жиберет. Бул жерде ал Советтик Армиянын катарында ошол жылдын декабрь айында чейин болуп, анан демобилизацияланган. Согуштагы эрдиктери үчүн «Кызыл Жылдыз» ордени жана үч медаль менен сыйланган.Согушта жазган «Күндөлүктөрү». Ал асмандан самолёттордун, жерден замбиректердин үнү угулуп турган кезде окоптордо жатып күндөлүк жазып жүргөн. Жазгандары жөн эле бир окуялардын тизмеги эмес. «Күндөлүктөр» тууралуу Осмонакун Ибраимов мындай дейт: «Биринчиден, орусча жазылыптыр. Болгондо да так жана таамай орустун мыкты тилинде. Экинчиден, согуш жөнүндө, анын чыныгы анатомиясы, жексур жүзү, антигумандык табияты тууралуу ошол кездеги эң мыкты деген ойчулдардын жана гуманисттердин, тагыраак айтсак, Эрнест Хемингуэйдин, Эрик Мария Ремарктын же Василий Гроссмандын деңгээлинде ой жүгүрткөнүчү… Советтик Армия Кенигсбергге жетип Чыгыш Европаны эми аралаганда Узакбай Абдукаимов биздин аскерлердин жергиликтүү элге жырткычча мамиле кылганына кейип, мындай дейт: «Мы своим поведением, отношением иной раз не можем показать образец высокой культуры тем, кто на нас смотрит с явным любопытством. Майор, капитан, младший лейтенант рассказывают, что не только изнасиловали девушку, но застрелили мать, отца, сына. Их приговорили к расстрелу. Другой просто обокрал доверчивую хозяйку. Русский офицер должен серьезным образом думать о своем воспитании. Он должен блистать во всем. Ведь Европа не должна разочароваться нами. В нас должны видеть не только людей с хорошей думой, но и высокого сознания, культуры и умения». Айрыкча, кыргыз жазуучусунун согуш жана тынчтык тууралуу жазган философиялык реминисценциялары өзүнүн тереңдиги жана чыныгы гуманизми менен таң калтырат». Бул сөздөрдү кыргыздын бир жигити Европанын чок ортосунда туруп жазып жатат. Согуштан алган таасиринен « Майдан « романы жаралган . Анын « Майдан « романы экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы кыргыз жоокерлеринин жана тылдагы оорукчулардын ал-абалын чагылдырган роман. Ал 1963-жылы Фрунзе шаарында курман болгон.
Темиркул Үмөталиев
Темиркул Үмөталиев 1908-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районунда туулган . Өзүнүн зиректиги менен байлардын балдары окуп жүргөн учурда үйрөнгөн жана анын чоң энеси да кат сабатын жоюуга себепчи болгон. Анын чыгармачылыгынын башталышына Ж.Бөкөнбаев себепчи болуп: « Сенин ыр жазууга шыгың бар, сен ыр жаз « деп , анын жазган ырларын кагаз бетине чыгарып турчу.
Ал да өз каалоосу менен согушка барчу жоокерлердин катарына жазылган. Ал « Эч качан согуш кайталанбасын» деген. Анын бул сөздөрүнөн кийин согушту көргөндөрдүн көз алдына адамдардын жан берип жатканы элестелсе, ал эми барбаган адамдарга жакындарынын жылуу жүзү элестелет эмеспи. Улуу Ата Мекендик согуш башталгандан аяктаганга чейин акын калемин таштаган жок. Аягы бүтпөгөн «Баатыр» поэмасын алаамат күндөрү бүтүп басмага тапшырган. Согуштагы кыргыз жоокерлеринин эрдиктерин даңазалаган «Үч баатыр жөнүндө ыр», «Болотбек», «Акыркы ок» деген сыяктуу ырларды жана фронттук турмушту ачык чагылдырган лирикаларды жазган. Согуштун катаал күндөрү акындын чыгармачылыгына өчпөс изин калтырган.
1968-жылы «Кыргыз Эл акыны» деген наам алган.Кавказды коргогону үчүн», «Будапештти алганы үчүн», «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн» медалдарынын ээси. Акын 1991-жылдын 11-июнунда бул дүйнө менен кош айтышкан.
Согуш мезгилинде К.Акиев, А.Үсөнбаев, О.Бөлөбалаев, Б.Алыкулов өңдүү элдик төкмө акындардын өнөрү да бөтөнчө күч менен көрүндү. Алардын эл алдында ырдаган ырлары, үндөө , чакырыктары, айткан нускалары калктын жоокер уулдарынын патриоттук демин көтөрүүдө баа жеткис роль ойноду. Булар менен биргеликте эле акындар да өз ырларын жазып, үндөп жатты. Алардын катарында С.Эралиев, С.Жусуев ж.б.у.с. акындарды алууга болот.
Кыргыз эл акыны – Сооронбай Жусуевдин көргөн күндөрүнөн
Согуш алдындагы боз улан курагым, согушка кантип аттанганым, Алайкуудан ары чыкпаган менин эл-жер кыдырганым, согуш учуру, согуштан кайтып келгеним—айтор өткөндүн баары оюма чубап келе берет. Ал убакта патриоттук сезим күчтүү экен, 16 жашыбызда эле “майданга барчубуз” деп дегдеп аттык. Акыры 18 жашка толуп, 1942-жылы согушка чакырылдым. Кара-Суудагы темир жолду биринчи жолу көрүшүм эле. Кызыл эшелонго салып Жалал-Абадга, андан Тажикстан, Өзбекстан аркылуу Казакстанга алып келишти.Ошентип алгач көргөн шаарым Алматы болуп калды. “Максим” деп аталган пулеметту чогулттуруп, кайра салдырып, окоп, траншея каздырып, согушка даярдап жатышты. Ал жерден Министрлер Кеӊешинин төрагасы Ундасынов сөз сүйлөп, бизди оркестр менен согушка узатышты. Поезд менен жүрүп олтуруп, Москваны вагондон гана көрүп, Вологое деген жерде согушка кирдик.Согушта өлүмсүз саат болбой, кызыл кыргын, душмандар менен уруш жүрүп жатты. Орустардын үйлөрүнүн кирпичтен жасалган морлору гана калып, кыштак кырылып, талкаланганын көзүбүз менен көрдүк. Жеткирип келген офицерлер кайра кетип, бизди 8-гвардиялык дивизияга өткөрүп беришти. Княжий клин кыштагына келгенде мылтык, автомат, миномет, замбиректердин үнү угулат. Бизди полкторго бөлө башташты. Мени менен фронтко бир барган Буккулуев Орзу экөөбүз тең 27-артиллерия полкуна бөлүндүк. Фронтко жакын жерде, токойдун арасында аскерлер өздөрү жасап койгон мончосу бар экен. Ошондо мончону биринчи жолу көрүшүм эле, Алайкуудан чылапчынга эле киринип алчубуз. Согуш талаасы. Кийимчен эле уктайбыз. Түнкүсүн снаряддар жарылганда, салюттай болуп, асман кооз боло түшөт. Бир ирет ошондой кооздукту карап турсам, Ковальчук аттуу аскердик байланышуу сырларына үйрөтүп жүргөн киши, мени мойнуман тартып, алдына алып жатып, снаряддын огунан сактап калган. Болбосо ошо жерден коштошуп кете бермек экенмин. Кийин эки ирет жарадар болдум. Госпиталга жатып, кайра катарга кошулуп калам. Биз байланышчы болгондуктан, үзүлгөн байланыш зымдарын калыбына келтирип, күн-түнү байланышты үзгүлтүксүз камсыз кылып турдук. Сыртыман сопсоо көрүнүп турганымдан, мени жазуучу журту да “Сен согушка чын эле бардың беле?” деп тамашалап калышчу. Анткени Жунай Мавлянов буту жок келди, Түмөнбай Байзаков да бутунан жараат алган, Олжобай Орозбаев да ошондой. Анда мен: “Мен немистерден этият аткыла деп суранганмын” деп ыр менен жооп берип калчумун.Биздин атактуу 8-дивизия Берлинге барбай калды, согушту Латвиядан бүтүрдүк. Акыркы жолу 8-майда согушуп, бир далай жигиттер каза болуп калды. Курляндия деген аралдан немистердин көптөгөн аскери калып, көбү колго түшүп, бир даары токойго качып, Берлин алынды деп чакчелекей түшүп калышты. Кармалган немистердин биринин жакшы өтүгүн тартып алып, өзүмдүн эски батинкемди ага берип койдум. Жоокерлер жеңишке ээ болгонубузга сүйүнүп, экинчи жагынан кечээ эле каза болгон жоокерлерге күйүнүп, айтор, кызыктай абалда болуп жаттык. “Фриц, как дела, война капут” деп жетине албай жүрдүк. Немистер жеңилсе да, тыкан калк, жеңилип калганын билишип, ак жака, үтүктөлгөн формаларын кийип, чубап өтүп жатышты. Мен 1945-жылдын 29-декабрында демобилизация болдум. Латвиядан Кыргызстанга келгиче 15 күн өтүптүр.Панфилов районунан чыккан чүйлүк жоокер менен бирге элиме кайтып келаттым. Элдин баары жеңишти майрамдап, жоокерлер ичип, ырдап-бийлеп келатышты. Жаңы жылды Ленинграддан тостук. Андан Москвага келсек, Кыргызстанга поездге билет жок, үч күн дегенде араң тиги жоокер билет таап келди. Ал Панфилов районуна, мен Кара-Суу станциясына жеттик. Советте Кимия эжем бар эле, үйү кайсы деп сурагыча эле, түндөсү мени көргөн кишилер сүйүнчүлөп, аман-эсен, алты саным эсен-соо келгениме кубанып жатышты. Алайкууга кабар жетип, агам ат минип келиптир, ошол атка учкашып, элиме, жериме келдим. Баштыгымда жарым кило сухарь менен консерва бар эле, менин белегим ошо болду.2016-жылы 4-февралда Бишкекте каза болгон.
С. Эралиев жана согуш
С.Эралиев өзүнүн бала чагы тууралуу мындай деп эскерет:
«1921-жылы 15-октябрда Тегерек деп аталган бийик чокулуу өрөөндө жарыкка келипмин, анда боз үйдө олтурчу экенбиз. Айылдын аты – Үч-Эмчек, Кыргыз ССРи, Талас району.
Айылдын күн батыш жагында анын көркүнө көрк кошуп, кадимки кур курчагансып, кийин мен ырларымда ырдаган өзүнчө бир кооз Кур-Таш бөксө тоосу турат.Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында 1942–1944-жж. Согушка катышып, оор жарадар болгон.
Байбичеси Альбина эже агайдын апааттуу күндөрүн эстеп олтурду:
-Агайыңардан ашык согуштун азап-тозогун тарткан адам аздыр. Азыр да колунда осколкасы бар, майдалары чачырап кирип калган. 21 жашында экинчи топтогу майып болуп келген.
Ал убакта мектепке кечирээк барышып, 9-10- класс окугандар деле жашы туура келип, согушка чакырылып кетип жатышты. Патриоттук сезим ал учурда күчтүү болуп, жашы жете элек боз уландар да согушка барууга суранып турушкан. Согушка биз бара электе бүтүп калбасын деп да кабатыр болушкан. Сүйүнбай агаңарды да акыры 18 жашка толгондо аскерге чакырышкан. Таластын Үч-Эмчек айылынан Кара-Балта шаарына алып келишип, аскерге даярдай башташкан. Ал жерге барганда палаткадан курулган шаарчага жоокерлерге бирден ат багууга беришкен. Атасы күлүк аттарды таптап, чоң мелдештерге байгеден чыгарып, ошол чөлкөмдө бир топ кадыр-барктуу киши болуптур. Сүкөм ат жалында чоңойгондуктан, аттарды үч ай бою берилип баккан экен. Мында Темиркул Үмөталиев саясий жетекчи болуптур. Мурда ал кишини тааныбаса да, акын ага деп сыртынан сыйлап, жакшы тааныш болуп кетишиптирБирок ал жерге калтырбай, Сүйүнбай агаларды согуш талаасына алып кеткен. Панфилов дивизиясынын 316-аткычтар полкуна, Княжий клин деген жерге алып барышкан. 1942-1944-жылдары согушка катышып, оор жарадар болуп, Мекенине кайтып келген. Акын 16-июлда 2016-жылы бул дүйнөдөн өткөн .
Фронтовик акындын төмөндөгү ырларын чогуу окуп көрөлү:
Мына, дагы Тогузунчу Май келди,
Жаркын жаздын коштоосунда акырын.
Ал жылдарда бут баспады кай жерди,
Баарын кошсо, болмок канча чакырым?
Жеңиш күнүн күтүп алган кез жакшы!
Согуш гана эске түшөт кайра да…
Ошондогу аккан канды, көз жашты
Бирге кошсо, жетмек канча дайрага?! деп көргөн күндөрүн кагаз бетине түшүргөн. Бул ырынан акындын эсине эмнелер түшүп жатканын билүүгө болот.
Акын Ж.Бөкөнбаев «Москва—крепость» аттуу ырында Москва—совет эли үчүн жеңилбес, майтарылбас сыймыктуу чеп—«крепость» экендигин баса белгилеп, элдин жеңиш үмүтүн бекемдөөгө аракет кылса, эл акыны А.Токомбаев ошол эле күндөрдө «Кектейбиз!», «Москва жөнүндө ой» сыяктуу саясы лирикаларын элге тартуу кылды.
Т. Үмөталиев « Унутпайт « аттуу лирикасында элдин панфиловчуларга болгон сүймөнчүлүгүн билдирип, эл атынан мындай алкыш айтат:
Кыйындыкты бир көргөн,
Эл эми сени унутпайт.
Жеңиштен кийин гүл өнгөн,
Жер эми сени унутпайт.
Арман жок баатыр генерал
Асылды сүйгөн эл аман!
Кыргыз поэзиясынын согуш мезгилиндеги өзгөчөлүктөрүнүн бири— анда реалисттик багыттын күч ала башташы болгон.
Жогорудагы акын – жазуучуларыбыздын тагдырынан биз согуш мезгилиндеги учурду өз көзүбүз менен көрө албасак да бизге келип жеткен чыгармалардан, калтырылган маалыматтардан ошол учурду өз көзүбүз менен көргөндөй деңгээлге жетебиз. Ата-бабаларыбыздын биз үчүн төккөн канын, согуш талаасында кечирген күндөрүн биз унутпай, бизден кийинки муундарга да сактап, өткөрүп берүү биздин милдетибиз!
Полная версия статьи PDF
Номер журнала «Вестник науки» № 8 (77) том 4
Ссылка для цитирования:
УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШ МЕЗГИЛИНДЕГИ АКЫН-ЖАЗУУЧУЛАРДЫН ТАГДЫРЫНАН // Журнал «Вестник науки» от 25 августа 2024 г. № 8 (77) том 4. С. 274 - 283. 2024 г. ISSN 2712-8849 // Электронный ресурс: https://www.вестник-науки.рф/article/17086 (дата обращения: 29.11.2026 г.)
Альтернативная ссылка латинскими символами: vestnik-nauki.com/article/17086
Нашли грубую ошибку (плагиат, фальсифицированные данные или иные нарушения научно-издательской этики) ?
- напишите письмо в редакцию журнала: zhurnal@vestnik-nauki.com
