КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫНДАГЫ АВТОБИОГРАФИЯЛЫК ЧЫГАРМАЛАРДЫН ГЕНЕЗИСИ
Аннотация: автобиографиялык чыгармада негизинен автор өзүнүн көрүп-билген окуяларды, башынан өткөргөн турмушун, тагдырын эскерүү мүнөзүндө жазылган чыгармалар болуп эсептелинет. Автобиографиялык же болбосо мемуардык жанрда баяндоочу автор өзү болуп, өз тагдырындагы башынан өткөргөн окуяларды, элестерди, жашоосунда оң жана терс элестер менен көөдөнүндө сакталган, инсандарды жана аларга болгон мамилесин, алардын авторго жасаган жакшылык ишин же болбосо кордугун, өзүнүн ал-абалын, турмушундагы оош-кыйыш жолдорун өзүнүн көркөм сөз өнөоү ар кандай методикалар менен, каармандарга ар кандай мүнөздөмө берүү аркылуу, жашоосундагы окуяларга баа берүү менен баяндап берет. Автобиографиялык жанрында жазылган адабият, документалдык адабияттын бир түрү жана ошондой эле “сыр айтуу прозасынын” бир түрү болуп эсептелинет. Жазуучу чыгарманы жазууда чындыкты так сактоосу, фактографиялык, баяндоонун хроникалдуугу, атайылап жасалган жоосунсуз ыкмалардан оолак болусу шарт
Ключевые слова: автобиографиялык жанр, баяндоо, автор, үй бүлө, эл тагдыры.
Жазуучу өз оюн, ааламдын кооздугун көркөм чагылдырууда ар кандай жанрларды, ар кандай формаларды, стилдик өзгөчөлүктөрдү колдонуп келет. Кыргыз жазма адабияты калыптанып баштаган күндөн тарта коомдун ар тарабын камтып, адабият, тарых, маданият өнүгүү этабына жараша жанрдык, идеялык жактан өнүгүп-өсүп келди. Адабиятыбызда автобиографиялык же мемуардык чыгармалар 20-кылымдын 50-60-жылдары пайда болуп, Кеңеш бийлигинин келиши жана анын маданий ревалюциясынын пайдасы менен сабатсыздыгын жойгон элдик төкмө акындар биринин артынан бири өз башынан өткөргөн тагдырларын жазып, китеп кылып чыгарууга да жетишишти. [1.2004.] Ар кандай жанрдагы чыгарманын жаралуу тарыхы бар сыңары автобиографиялык жанрдагы чыгарманын жаралуу тарыхы автордун баскан жолуна, анын жазуу ишин баштоосуна байланыштуу. Автобиографиялык жанрдагы чыгармада автор өзү баяндоочу болуп, чыгармада өзүнүн өмүрүнн, тагдырындагы ары түйшүктүү, ары маңыздуу турмушун, андагы баскан татаал жолун, жашоодогу максатын, къш карашын, жанындагы колдоп же кордоп жүргөн инсандарды, аларга болгон мамилесин, алардын адамдык оң жана терс сапаттарын, ошол замандагы адамдардын бири-бирине кылган мамилесин, заманынын агымын, жараталышка болгон мамилесин, анын кубулушуна жана мыйзамына болгон ой толгоосун, сүйүүсүн, адамдагы асыл сезим махабатын өзүнүн көркөм сөз өнөрү менен эркин сүрөттөй алат. Жалпысынан алганда автобиографиялык жанрдагы чыгарма адам турмушун, тагдырын, өзүнүн башыан өткөн турмуш жолун, көкүрөгүндө сакталган жаман жакшы күндөрүн, жакшы же жаман элестер менен сакталган өтмүшүн эскерүү мүнөзүндөгү чыгарма. Дүйнөлүк адабиятта бул жанрга көрүнүктүү негиз салуучулар катары Ж.Ж.Руссо менен А.И.Герцен эсептелинет. [5] Ар кайсы жанрда өз өнөрлөрүн сынап, адабиятыбызга зор салым кошкон кыргыз жазуучуларыбыз бул жанрда да өзүнүн мыкты экендигин далилдеп, автобиографиялык чыгармаларын жазышкан. Аларга мисал келтирсек: Аалы Токомбаев “ Менин метрикам”, Калык Акиевдин “Баскан жол”, Алыкул Осмоновдун “Жазуучулук баяным”. Мукай Элебаевдин “ Узак жол” жана башкалар. Автобиографиялык жанрдагы чыгармалар жазуучунун өмүр баянын түшүндүрү илимий стилге салыштырмалуу ыңгайлуу жанр деп да эсптесек болот. Себеби, чыгарманын сюжети жөнөкөй, композициялык курулушу боюнча жеңил берилип, сүрөттөө жана баяндоо аркылуу жеткиликтүү маалымат алууга ыңгайлуу болуп жазылат.
Автобиографялык жанрдагы чыгармалардан мисалга кыргыз акындарынын, жазуучуларынын бири - Мукай Элебаевдин “Узак жол” чыгармасы. Бул романды автор 1934-жылдын январынан жазып баштап, 1935-жылдын 2-октябрында бүткөн жана ал 1936-жылы жарыяланган. Ушул басылышында автор бул чыгарман романдын биринчи китеби деп атайы эскерткен. “ Узак жол” жөнүндө биринчилерден болуп басма жөнүндө пикир айткан Кубанычбек Маликов анын жанрдык жагына келгенде “өзүнүн түрү жагынан тарыхый өмүр баян романга окшойт” - деп белгилеген. Романдын автобиографиялык чыгарма экенин кийинки изилдөөчүлөр да бир ооздон көрсөтүшөт. Бирок анын жанры жагына келгенде бүгүнкү күнгө чейин эки ача пикирде жашап келет. Бир катар авторлор (К.Маликов, Б.Маленов) “ Узак жолду” роман деп, айрымдар (К.Асаналиев, Б.Кримжанова, К.Иманалиев, К.Бобулов) повесть деп эсептешет. 10-класстар үчүн жарыяланган кыргыз адабияты боюнча окуу китебинде да “ Узак жол” повесть деп көрсөтүлөт.. Баарыдан бир эле китептин баш жагында повесть, аяк жагында роман ( “Кырныз совет адабиятынын тарыхынын очеркинин” 53-54-беттерде повесть, 297-304-беттерде роман) делинип эсептелген учурлар кездешет. Чынында “Узак жолдо” романга да, повестке да туура келген касиеттер бар. (Бул жерде сөз романдын биринчи гана китеби жөнүндө болуп жатат, пландаштырылган 2- бөлүмү жазылганда калетсиз “Узак жол” романы болмок. [2.2004. 188-б]
Роман 11 жашар башкы каарман өзүнүн үй бүлөөсү жөнүндө кеп баштайт. Анда өзүнүн айылында обочороок жайгашкан үйү, энесин ажал менен алышып жатканын, эжесинин энесинин үстүнө үйрүлүп түшүп жатканы, анын чыңырыгынан алыс да болсо элдердин угуп, чогулуп жатканы, энесинин өлүмү менен башталат. Ошентип, алты чөбүрө жетим калдык. Эң улуубуз Алмакан эжем, анан мен, менден кийин Беккул, анан Эшбай, андан кийин Ашымкан деген кыз. Эң кенжебиз - Бекдайыр. Баарыбыздын арабыз эки жаштан. Өлөр алдында да жана бир кыз төрөп, аны багып ал деп бирөөгө берген.
Бул он айга жетпей өлүп калды.
Энем деги койдой чубуртуп, көп төрөгөн адам: төрт эркек, алты кыз болуп, баары онду тапкан. 3 кызын эрге берген. Ушулардан азыр үйдөгүбүз алтоо. [3.2020.4-б] Автор бир туугандары жөнүндө кеп кылат. Тагдырдын татаал тамашасы акыры 10 бир тууганды биринен бирин ажыратат. 1916-жылдагы үркүндөгү көргөн кыйнчылыктар,ачкачылык жетимдерди аябай бири-бирин көрүүгө зар кылып түбөлүккө ажыратат. Таалайсыздардын тагдырына жазганы ошол жылы өтө кыйын болот,келте оорусуна чалдыккан, ачарчылыкка туш келген жыл болот. Алар жетим калганда энесинин ордун басканы Бурмаке кемпир келет. Ал Элебестин зайыбы. Автор Бурмаке кемпирди оң каарман, боорукер эне, кең пейил, жакшлыгын жашырбаган аял катары көрсөтөт.. Балдар ооруганда жетимсиретпей баарына тең карап, алар ооруса жүрөгү сыздап, балдар үчүе гана аракет кылып жашап жүргөндөй сүрөттөйт. Мукай бир ай дегенде айыгат. Айыгаары менен таенеси алып кетет. Ушул убакта Алмаканьэжесинин айыга элегин айтып, эжесинин бир тууганынан бир отоло ажыра жаткандай капалуу сөзүн эсине тутуп калат.
Таятасы чоң бай экенин, бирок байдын да сараң бай экендигин сүрөттөйт. Ал жактан козу кайтарып, жарытып да тамак жей албаганын, таенесинин, сараңдыгын, катаалдыгын, небереси катары күйбөгөнүн Мукай таенесиникинен кетип бара жатканда бай болсо да жыртык кемсел бергени менен баяндайт.
Автор ошол мезгилдеги падышачылык саясатты да эскере кетет. Падыша кыргыздан солдат согултуп жатыптыр деген имиш угуп, кийи имиштин чындыгын билгенде жардылар айласыздан кетишет, байлыгына көпкөн байлар балдарын алып калыш үчүр жардыларга атын алмаштырып жиберип айласын табышат. 16-жылдагы үркүндүн кесепетин Мукай да тартат. Эл менен кошо Кытайга качат. 16-жылдагы татаал тагдыр аркылуу автор кыргыз элинин үркүндө башынан кечирген азаптуу турмушун,трагедиялуу тагдыр тарыхын чагылдырып берген. Түн караңгы. Тоонун аркыраган суугу бир кезде үшүтөйүнн деди. Экөөбүз тең тизебизди бүрүштүрүп, бири-бирибизге ыктай беребиз. Айлана жымжырт. Мемиреген коюу караңгы түн алда кандай бир нерсеге түшүнө албай жаткандай бирдемени тыңшап тургандай болот. Батыш жакта бир сайда өмүрдөн бөлөк жаралгандай жаркылдап турган жалгыз от ченден бир ит үрөт. Алыс... Биздин маңдайыбызда түнөргөг калың карагайдын ичинде, ушул караңгы түнгө ылайыкталып бүткөндөй, бир куштун күркүлдөгөг коркунучтуу дабышы чыгат. [3.2020.190-б]
Жаратылышты, коюу түндү сүрдүү баяндап жатканында, ошол учурда коркуу сезими бар экендиги, кандайдыр бир жамандыкты сезгендей болгонун сөздөрүнөн даана байкасак болот. Балким жыргал турмушта жашап, оюн-күлкү менен өмүр сүргөндө бул картинаны коркунуч бар экенин баяндабай, суктануу сезими, көнүл тынчтыгы, жаратылыштын кооздугу катары сүрөттөмок. Бирок чыгармада эч бүтпөчүдөй азаптарын сүрөттөп көрсөткөг. Мукай Кытайга качып барып эле,жыргал жашоодо жашап калган эмес. Кытайдагы түркүн жан кейитерлик окуялар, ачкачылык, байларга малайчылык, баягы эле амалдуу байлардын кылган кыңыр иштери, кыйын кезеңде кылы кыйшайбастан сабырдуулук менен жашап, жаркын келечек келерин сезгендей жашаганын да сүрөттөйт. Ырас,романда 1916-жылдагы көтөрүлүштүн чыгыш себеби жана жүрүшү кеңири берилбейт, падышалык Россиянын колонячыл аракеттери да даана сүрөттөлбөйт. Урмамбет,Байболот сыяктуу адамдардын образы учкай гана берилген. Автор андай ала жерлерди, чала образдрды экинчи китебине жазмак болсо керек.[2.2004.188-б]
Эмгекчил, кең пейил, курт-кумурскага да жамандыгы жок оң каармандар катары Элебес, Бурмаке, Бейшемби, Байболот, Урмамбет сыяктуу каармандар көз алдыбызга келтиребиз. Ал эми терс каармандарды ашкерелеп жамандабай, алардын өзүнө гана таандык, өздөрүнүн гана сапаты менен көрсөтөт. Элдин кыйынчылыгын үстөкө-босток кылып, жардылардын айласын кетирип амал таап, алардын эсебинен жашап, кызматын кылдырып, акысын бербей үстөмдүк кылган бай-манаптардын элесин Мамирмазин, Ыбыке, Василий, Чоёкол, Жиндикурмандар аркылуу берген.
“ Узак жолдо” аты аталгандай эле теңчилик замандын, жаш да болсо кайраттуу баланын бактысы узактай баяндалат. Жазуучунун сүрөттөө кудуретинин күчтүүлүгү, жан дилинин берилгендиги, жай дүйнөнү арбап алып, кыял кемесине салып алып,чыгармадагы каарман Мукай эмес мен сыяктанып, ооруса кошо ооруп, кыйналса кошо кыйналып, кайгырса кайгысына ортоктош болуп, күлсө кошо күлүп,бактысына кубанып, кайра эле шордуу турмуш кысымына кабылса көзүмө жаш алып, кудум эле ошол турмушту өз башыман өткөрүп жаткандай окуйсуң. Мына ушунун баары жазуучунун чыгармасына болгон берилгендик, өзүнүн турмушун оош-кыйышсыз көркөм жана жеткиликтүү сүрөттөй алгандыганда. Чыгармада каармандардын ички абалы жогорку деңгээлде көрсөтүлгөн. Бир эле үй бүлө менен бүтүн кыргыз элинин турмушун чагылдырып бере алган. Чыгарманын аяк жагында большевиктердин келишине байланыштуу сүрөттөлгөг окуяларды өтө кыска жана жалпы жазылып калганыдыгын “ Кыйын кезеңдеги” ошол окуяларды анан ары улантууга жышаан бериптургандыгын көрүп романдагы кээ бир мүчүлүштөргө 1-китептин план-мүмкүнчүлүгүнө жараша мамиле кылуу зарылдыгы тууларын да атайы эскергенибиз оң. [2.2004.189-б]
Ушинтип жаткан убакта тыштан сакалы барсайган бир орус кирди. Жаңкы кырмандын ээси болсо керек. Кирип келип ар кайсы жерде бышактап ыйлап отурган катындардын себебине түшүнгөндөй үңүлүп калды эле,Сарбагыш -Биздики тууган . Ушул экөө Кытайдан жөө келди,- деди. Орус унчукпай башын чайкады. Эртеси мындан чыгып, Чоң-Ташты карай жол тарттык. (Фрунзе,1934-35-жылдар.)
Мына ушинтип Мукай Элебаевдин автобиографиялык чыгармасы “Узак жол” романы табышмактуу сөздөр,, максаттар, күндөр менен аяктайт. Балким автор 2- китебин да жазганда окурманга анын баскан жолу, ушул сөздөрдөн кийинки күндөрү, жетишкендиктери, адабияттагы өчпөс аты кеңири жана жеткиликтүү берилмек. Ошентсе да, бир эле автобиографиялык чыгармасы менен кыргыз адабиятынын деңгээлин дагы да көтөргөн. 30-жылдардагы адабиятыбызга олуттуу жаңылык киргизгенин баарыбыз эле билебиз. “Узак жол” романы бат эле тарап, өтө тез убакыттын ичинде орус тилине которулгандыгы маалым.
Мукай Элебаев башка жазуучулардан кеч сабаты ачылса да, башкалардай элдик фольклорго эле таянбай орус адабиятын көп окуп, ошолордон үлгү алып, дайыма изденүүнүн, аракеттенүүнүн үстүндө болуп, башкалардан мыкты чыгармаларды жараткан. Элдик фольклорго таянбай жаңыча чыгармаларын жазгандыгын 1930-жылдардан баштап жазылган чыгармаларынан байкайбыз. Эгер акын, жазуучу дагы да көбүрөөк өмүр сүргөндө балким кыргыз адабиятын дагы да мыкты чыгармалар менен байытып, адабиятыбызда не бир шедеврлер жаралмак.
Полная версия статьи PDF
Номер журнала «Вестник науки» № 8 (77) том 4
Ссылка для цитирования:
КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫНДАГЫ АВТОБИОГРАФИЯЛЫК ЧЫГАРМАЛАРДЫН ГЕНЕЗИСИ // Журнал «Вестник науки» от 25 августа 2024 г. № 8 (77) том 4. С. 284 - 290. 2024 г. ISSN 2712-8849 // Электронный ресурс: https://www.вестник-науки.рф/article/17087 (дата обращения: 29.11.2026 г.)
Альтернативная ссылка латинскими символами: vestnik-nauki.com/article/17087
Нашли грубую ошибку (плагиат, фальсифицированные данные или иные нарушения научно-издательской этики) ?
- напишите письмо в редакцию журнала: zhurnal@vestnik-nauki.com
