Научный журнал «Вестник науки»

Режим работы с 09:00 по 23:00

zhurnal@vestnik-nauki.com

Информационное письмо
  1. Главная
  2. Архив
  3. Вестник науки от 25 августа 2024 г.
  4. Научная статья № 52
Просмотры  339 просмотров

Ч. АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫНДАГЫ АДАМ ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШТЫН БҮГҮНКҮ КҮНДӨГҮ ЭКОЛОГИЯЛЫК КӨЙГӨЙЛӨР КАТАРЫ БЕРИЛИШИ

Аннотация: Аталган макалада адамзаттын генийи – Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун ой байлыгы, акыл байлыгы чалкып жаткан түпсүз улуу мухит экендигин дагы далилдеп, анын көөнөрбөс акыл ой байлыгы жөнүндө өтө омоктуу эмгектер, изилдөөлөр жаралганын ошондой эле Айтматовдун чыгармаларындагы адам менен табияттын арасындагы карым-катнаш татаалданып, карама-каршылыктар, экологиялык алаамат коркунучу келип чыккандыгы айтылды

Ключевые слова: Жаратылыш, коом, табият, алаамат, экология, илим, планета, космос.

Коомдук жана саясий көз караштар менен байланышта болбогон жалпы дүйнөлүк проблемалардын бири – экологиялык проблемалар. Кандайдыр бир жерде (бирок бизде эмес) бир нерселер болуп жатат, бирок алардын бизге эч тиешеси жоктой болуп сезилет, ошондой болгону менен кандай гана экологиялык жылыш болбосун акырында анын жердин бардык жаратылышына таасирин тийгизээри анык. Бул жөнүндө залкар жазуучубуз Ч. Айтматов: «Бүгүнкү күндө биздин бардыгыбыздын учу – кыйры жок космостогу бир эле кемеде жайгашкандыгыбызды» эч убакытта эстен чыгарбоону өзгөчө белгилеп кеткен.

Ал бардык чыгармаларында жаратылышты, анын  экологиялык абалын,  жаратылыш жөнүндөгү ой чабыттары, сүрөттөөлөрү, философиялык ой пикирлери, легендалары атайын адистердикинен ашса ашат, кем калбайт. Мисалы, Сейиттин эле жеке ой толгоосунан баштап тап күрөшү, коомдук түзүлүштөрдүн ортосундагы конфликттер, Улуу Ата Мекендик согуш, билим-тарбия жаатындагы ой толгоолор, гумандуулук жөнүндөгү талаш-тартыштар, булганыч, алгылыксыз, бузук акыл-эстин зыяндуу жактарын жана алардын карама-каршысындагы адептүүлүк, адамкерчилик, ак ниеттик, акылмандуулук, тазалык, түздүк, актыктын ортосундагы күрөштөрдү акыл-эстин, аң-сезимдин, ой жүгүртүүнүн таза экологиясын пайдалана алганы менен сүрөттөй алганы. Бул ой пикирди чечмелеп отурсак, өзүнчө чоң китепке дагы сыйдыра албайбыз. Мен бул кичинекей макалада улуу гений Чыңгыз Айтматовдун жаратылышынан эле аң-сезиминин, акыл-эсинин тунуктугу, жеткиликтүүлүгү жөнүндө гана бир аз болсо да өз пикиримди билдирип койгум келди.

Демек, Айтматовдун экологиялык этикасы анын ой жүгүртүүсүндө: адамдык сапаттарга, сүйүүдөгү тунуктукка, жүрүм-турумдагы тазалык менен түздүккө, гумандуулук менен боорукерликке өзгөчо аёо сезими менен мамиле жасаган көз караштарында калыптандыра билгендигинде. Ошондуктан анын чыгармаларынын бардыгында жашоону, табияттын татаал кубулуштары менен сырларын, ар кандай тагдырлар менен окуяларды сүрөттөп жазууда бул касиеттер менен кубулуштарды терең түшүнүү менен ой жүгүртүп, экологиялык жактан өтө таза принциптерди кеңири жана ылайыктуу пайдалана алгандыгы менен өзгөчөлөнүп турат. Анын чыгармаларын окуган адам сөзсүз Айтматовдук образдарга кирип кеткенин байкабай калат. Анын каармандарынын терс жактарын четке кагууга, ал эми оң жактарын сиңирип алууга шыктанат. Анын классикасынын сыйкырдуу артыкчылыгы ушунда болушу керек.

Эми Айтматовдун чыгармаларындагы айрым урунттуу маселелерге токтолуп өтсөк:

Жаратылыштагы экологиялык тең салмактуулуктун бузулушу анын бардык компоненттеринде туташ кыйроонун боло тургандыгын кылдат жана көркөм баяндаган. Акыл-эстин, аң-сезимдин, ой-жүгүртүүнүн өзгөчөлүгүнүн учкул философиялык ой жүгүртүү менен өтө таасын, абдан билгичтик менен чагылдыра алган. Алып айтсак душмандардын өзгөчө караниеттигинен Жоломандын “маңкуртка” айланышы. Акыл-эстин экологиялык бузулушунан өсүмдүктөр менен жаныбарлардын мутацияланышы сыяктуу эле чыгаан жигиттин акыл-эстин экологиясын укмуштай сүрөттөө. Ушул сыяктуу Айтматовдун чыгармаларында акыл-эстин, аң-сезимдин, ой жүгүртүүнүн экологиялык тазалыгы, ак менен каранын, адилеттик менен карасанатайлыктын, адамгерчилик менен акмакчылыктын, тазалык менен ыпластыктын, тунук сүйүү менен көзгө чөп салган алдамчылыктын, чындык менен карөзгөйлүк ортолорундагы тунук ой жүгүртүү жана таза жыйынтык чыгаруусу өзгөчөлөнүп турат. Негизги артыкчылыктардын айрымдары ушулар. Бул кичинекей макалага Айтматовдун экологиялык этикасын батырууга эч мүкүн эмес. Ал өзүнчө терең изилдөөлөрдү, эбегейсиз көп ой жүгүртүүлөр менен илимий иштерди талап кылат. Бирок бул багытты белгилеп коюуну туура таптым.

«Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгенибиз үчүн биз  барбыз» деген кеменгер жазуучубуздун айткан сөзүн дайыма эстеп жүрүшүбүз керек  деп ойлойбуз. Адамдын жаратылышка жасаган мамилеси илимий-техникалык прогресстин натыйжасында өтө эле татаалдашып кетти. Азыркы учурда адам баштапкы «Мекен-жаратылыштан» өтө эле алыстап жана бардыгын өзүнүн кызыкчылыгы жана керектөөсү үчүн багындырып жатат. Жаратылышка наадандык менен мамиле жасоо аркылуутөзүбүз отурган бутакты кесип, өзүбүздүн жашооо турмушубузду кыскарткан болобуз. Бул жөнүндө К.Э. Циолковскийдин таамай айткан сөзүн келтирели: «Адам жаратылышка зордук-зомбулук менен мамиле жасады, эми жаратылыштын ага ошондой эле мамиле жасоосун күтүшүбүз керек». Чындыгында эле, азыркы учурда адам менен табияттын арасындагы карым-катнаш татаалданып, карама-каршылыктар мурункудан да күчөдү, экологиялык ааламат коркунучу келип чыкты десек да болот.

Залкар жазуучубуз Ч. Айтматов: «Адабияттын учурдагы эң биринчи милдети – көгүлтүр планетабыздын климатын жакшыртууга жардам берүү, ушул күндө бул ден соолукта жашаш үчүн зарыл болгон табигый чөйрө жөнүндө камкордук көргөндөй эле эң маанилүү» экендигине өзгөчө көңүл бурууну жазып кеткен. Жаратылыш менен адамдын мамилеси жөнүндөгү проблеманы «Кыямат» романында да Ч.Айтматов көтөргөн. Бул роман жаратылышка наадандык менен мамиле жасагандыгына жооптуу адамдын өзү экендигин анын мойунуна алуусуна, ойлонуусуна чакыруу болгон. Адам алардын тынч жашоосун бузганга чейин өз үйүрү менен жашаган карышкырлардын турмушун сүрөттөп жазуу менен роман башталат. Эттин планын толтуруу үчүн сайгактарды кырууда Акбара өзүнүн бөлтүрүктөрүнөн ажырайт. Жалгыз калган Акбара өзүнүн энелик мээримин, сүйүүсүн адамдын баласына бергиси келет. Бирок, анын мындай аракетин туура түшүнбөгөн адам карышкырды, аны менен өзүнүн баласын да атып өлтүрөт. Бирок, баланын өлүмүнө Акбаранын эч күнөөсү жок. Ага адамдын өзү, анын өзүнүн камын гана ойлогондугу, ач көздүгү күнөөлү. Ушул жерде адамдын жаратылышка жасаган мамилеси жөнүндө Ч. Айтматовдун ой жүгүртүүсүн келтирсек туура болот го деп ойлойбуз: «Эгерде бала кезинен тартып эле адам жаратылыш менен бир туугандай байланышта болуп тарбияланса, ал чоңойгондо, чыгармачылыгынын туу чокусуна жеткенде жаратылышка кайдыгер мамиле жасаган өндүрүүчү болбойт деген зор ишеним бар. Аны жаратылышка этияттык менен мамиле жаса деп үгүттөөнүн зарылчылыгы да жок, себеби аны өзү эле жаратылышты коргоого даяр.

1958-жылы жарык көргөн «Жамийла» повести адабиятчы, сынчы жана философтордун пикирлерине ылайык жаш жазуучунун чыгармачылыгындагы гана эмес, жалпы кыргыз адабиятындагы чоң жетишкендик, көркөм ачылыш болгон. Биз бул жерде жазуучунун экологиялык аң сезиминде бурулуш, ачылыш болгондугун белгилей кетүүбүз керек. Бул чыгармасында Ч.Айтматов эстетикалык көркөмдүк жагынан гана эмес, экологиялык планда да жаңы чекке чыгып, Адам менен жаратылыштын ортосундагы гормонияны ачып берген.

«Жамийлада» адам менен жаратылыштын ортосундагы мамилелер психологиялык жактан алда канча терең ачылган. Повестин алгачкы беттеринен Жамийла менен Данияр романтиктерден экендигине күбө болобуз. Б.а. көңүлдөрүнө тынчтык бербеген ички сырларын табигат менен бөлүшөт. Аны повестеги төмөндөгүдөй эпизоддор далилдеп турат: «Кеч бешимде акыркы арабага чөп басып жатып, Жамийланын тигил өчүп бара жаткан күндү карап турганын байкадым». Жаратылыштын мындай кубулуштарына карата мындай бериллүү, урмат менен мамиле жасоо адамдардын бардыгына эле мүнөздүү касиет эмес. Жамийла менен Даниярдын жаратылышка карата мамилелери күчтүү экендигин белгилей кетүүбүз керек. Чыгармада Даниярды жалгыз обон гана анын жаратылышка, адамдарга терең сүйүүсүн, урматын жана сезимин билдирип турат. Данияр обону аркылуу өзү сүйгөн жаратылыштын көрүнүштөрү менен мистикалык дээңгээлде жуурулушуп, өзү анын түбөлүктүү ажырагыс бир бөлүгү болуп кеткендей сезилет. Ошондуктан обонун созуп, 2-3 кайрым ырын баштаганда эле айлана – чөйрөлөрдү, а түгүл өзү жетпей жүргөн Жамиланы да унутуп калат.

Кең планда алганда обон – бул адам рухунун салтанаты, адамдагы, жаратылыштагы жакшы нерселерди энергиянын субстанциясына транформацияланган формасы болуп саналат. Чыгармада жаратылыш айбанаттар жжөнүдөгү маселелер козголбогон менен негизги кейипкерлердин руханий умтулуулары, өзгөчө Даниярдын обону кандай формада болбосун жакшы нерселерди коргоого, аларды урматтого чакырып турат.

Биринчи кезекте адамдын өзүн экологиялык коркунуч жаратуучу  көрүнүштөрдөн сактоо керек деген жыйынтык чыгарууга болот. Экология – эң актуалдуу жана түбөлүктүү тема дегенибиздей эле, Чынгыз Төрөкулович Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгы да өлбөсөчпөс тема болуп кала берет.


Полная версия статьи PDF

Номер журнала «Вестник науки» № 8 (77) том 4


Ссылка для цитирования:

Имомидин кызы Сыргайым, Исмаилова Б.Т. Ч. АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫНДАГЫ АДАМ ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШТЫН БҮГҮНКҮ КҮНДӨГҮ ЭКОЛОГИЯЛЫК КӨЙГӨЙЛӨР КАТАРЫ БЕРИЛИШИ // Журнал «Вестник науки» от 25 августа 2024 г. № 8 (77) том 4. С. 291 - 296. 2024 г. ISSN 2712-8849 // Электронный ресурс: https://www.вестник-науки.рф/article/17088 (дата обращения: 29.11.2026 г.)


Альтернативная ссылка латинскими символами: vestnik-nauki.com/article/17088



Нашли грубую ошибку (плагиат, фальсифицированные данные или иные нарушения научно-издательской этики) ?
- напишите письмо в редакцию журнала: zhurnal@vestnik-nauki.com


Вестник науки © 2024.    16+




* В выпусках журнала могут упоминаться организации (Meta, Facebook, Instagram) в отношении которых судом принято вступившее в законную силу решение о ликвидации или запрете деятельности по основаниям, предусмотренным Федеральным законом от 25 июля 2002 года № 114-ФЗ «О противодействии экстремистской деятельности» (далее - Федеральный закон «О противодействии экстремистской деятельности»), или об организации, включенной в опубликованный единый федеральный список организаций, в том числе иностранных и международных организаций, признанных в соответствии с законодательством Российской Федерации террористическими, без указания на то, что соответствующее общественное объединение или иная организация ликвидированы или их деятельность запрещена.