МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫН ЭЛДИК КӨРКӨМ КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮКТҮ КОЛДОНУУ МЕНЕН ТАРБИЯЛОО
Аннотация: Бул макалада мектеп окуучуларын жана өсүп келе жаткан муунду элдик декоративдик-прикладдык искусствону колдонуу аркылуу тарбиялоо маселеси каралып, этнотарбиялык аспекттер, улуттук кол өнөрчүлүктүн мааниси жана анын окуучуларды эстетикалык жактан өстүрүүдагы ролу талданат. Мектептик билим берүүдө элдик ДПИнин элементтерин колдонуу балдардын чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүгө, улуттук маданиятка болгон сүйүү жана урматты тарбиялоого шарт түзөт. Кыргыз элдик кол өнөрчүлүгү — улуттук маданияттын ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана анын элементтери мектеп программасына киргизилгенде окуучулардын тарбиясына чоң таасир тийгизет. Мында балдарга улуттук баалуулуктарды, маданиятты жана эмгекке болгон урматты үйрөтүүдө кол өнөрчүлүктүн мааниси чоң. Бул макалада кыргыз элдик кол өнөрчүлүгүнүн мектеп программасына киргизилишин, анын тарбиялык маанисин жана окуучулардын бүтүндөй инсандык өнүгүүсүнө кошкон салымын талкууланат
Ключевые слова: мектеп окуучулары, көркөм кол өнөрчүлүк, маданият, этнотарбия.
Киришүү .
Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында тарбиялык аспекттердин өзгөчөлүгүн эске алуу менен, окуучулардын руханий дүйнөсүн кеңейтүү, улуттук баалуулуктарды сактоо жана улуттун маданиятына болгон кызыгууну арттыруу маанилүү. Элдик көркөм кол өнөрчүлүк (декоративдик-прикладдык искусство) – улуттук маданияттын ажырагыс бөлүгү болуп, жаратылыштын, адамдардын жана алардын эмгегинин көркөм жыйынтыктары катары каралат. Искусствонун бул түрү өзүнүн формалары, түстөрү, текстуралары жана символикалуулугу аркылуу адамдын эстетикалык көз карашын өстүрүүгө жардам берет.
Улуттук маданиятыбыздын уникалдуу асылы болуп бааланган мурастарын сактап калуу элибиздин эң негизги илимий-эмгектик баалуулуктарынын бири болуп саналат [1,305]. Элдик көркөм кол өнөрчүлүк окуучуларда кооздукту, гармонияны, жасалган буюмдардын кылдаттыгын жана ачык-айкындуулугун сезүүгө жардам берип, саймалар, кийиз ,шырдак, курак, керамикалар, орнаменттер жана башка декоративдик элементтер аркылуу окуучулардын эстетикалык көз карашын өркүндөтүүгө жардам берет. ДПИ аркылуу кыргыз элинин улуттук каада-салттары, тарыхы жана маданияты жөнүндө түшүнүк берүү мүмкүнчүлүгү ачылат. Мисалы, орнаменттерде табигатка, жаратылышка болгон сүйүү, мекенчилдик, улуттук баалуулуктардын символикасы чагылдырылат.
Көркөмдүк – адамдын бир гана тышкы келбетине эмес,буюмга да, үй жасалгаларына да тиешелүү касиет[2, 5]. Кыргыз эли эзелтен жашоо-турмушунда кол өнөрчүлүктүн дээрлик бардык түрүн колдонуп келгени тарыхый басылмалардан, злдик ооз эки чыгармачылыктан белгилүү экени талашсыз. Элдик ДПИнын негизги формаларына токтоло турган болсок, кыргыз кол өнөрчүлүгү өзгөчө бай жана көп түрдүүлүктө. Мында оймочулук, өрмөк токуу, сайма саюу, чий чырмакчылык, шырдак шыруу, зергерчилик, жыгачтын кесиндилеринен жасалган буюмдар, териден жасалган буюмдар жана башка көптөгөн искусство түрлөрү кирет. Бул өнөрлөрдүн ар бири өзүнө тиешелүү символикага, көөнөрбөс касиеттерге ээ. Искусствонун бул турүн колдонуу аркылуу окуучуларга улуттук мурасты терең үйрөтүү жана алардын өз маданиятына болгон сыйын, урматын арттыруу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Декоративдик-прикладдык искусствонун тарбиялык мааниси анын көп кырдуулугунда жатат. Ал балдардын эстетикалык, интеллектуалдык жана чыгармачылык өнүгүүсүнө чоң таасир тийгизет. Бул процесс окуучулардын түстөрдү, формаларды, композицияларды түшүнүүсүн тереңдетип, анын өз алдынча ой жүгүртүүсүн жана чеберчилигин өркүндөтөт. Мындан тышкары, ДПИнын элементтерин колдонуу кыргыз этнографиясын, анын тарыхын жана руханий баалуулуктарын үйрөнүүгө жол ачат.
И.Д. Чернышенко «Эмгекке тарбиялоо — бул көп кырдуу, диалектикалык процесс, анын натыйжасында жаш муун улуу муундардын эмгек жана коомдук тажрыйбасын өздөштүрөт жана ошону менен эмгекке, коомдук ишке, өндүрүштү жана мамлекетти башкарууга практикалык, идеялык жана адеп-ахлактык жактан даярдалат деп эсептейт[3]. Чернышенконун ою элдик декоративдик-прикладдык искусствону (ДПИ) колдонуу аркылуу мектеп окуучуларын тарбиялоо темасына толук шайкеш келет, анткени эмгекке тарбиялоо окуу-тарбия процессинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Мектеп программасында “Технология” предметинин алкагында өспүрүмдөрдү ”чоңойгондогу” жашоого даярдоо маанилүү роль ойнойт. Ал эми элдик кол өнөрчүлүк эмгектин жана көркөм ишмердиктин салттуу түрү болуу менен, эмгек жана социалдык тажрыйбаны улуу муундан кичүү муунга өткөрүп берүүнүн натыйжалуу куралы болуп саналат.
Азыркы кезде билим берүү системасында этномаданий салттарды колдонуунун актуалдуулугу өсүүдө. Жалпы гуманитардык көз караштан алганда этномаданий салттардын ички баалуулуктарга ээ болгондугу кызыгууну жаратат. Ошол эле учурда өз элинин улуттук маданиятына, каада-салттарына кызыгуу, аларды изилдөөгө жана сактоого умтулуу адамдын патриоттук, адеп-ахлактык сапаттарын чагылдырган маанилүү көрсөткүч болуп саналат[4, 261].
Элдик кол өнөрчүлүктүн тарбиялык мааниси көп кырдуу болуп, негизинен төмөнкү аспектилерде өзүн көрсөтөт:
- Элдик кол өнөрчүлүк негизинен түстөрдүн, формалардын жана текстуралардын гармониясына таянат. Технология сабактарында же ийримде кийиз менен иштөөдө же туш кийизге ( панно) сайма саюуда түстөрдүн жараштырып тандоо, курак куроодогу кесиндилердин формасы, түс тандоо окуучулардын эстетикалык табитин калыптандырат. Мектепте кол өнөрчүлүктү үйрөтүү балдардын эстетикалык сезимин өркүндөтүп, алардын көркөм дүйнөсүн кеңейтет.
- Кол өнөрчүлүк менен алектенүү — бул жеке чыгармачылыкты өнүктүрүү процесси. Окуучулар жаңы нерселерди жасоого, ойлоп табууга, өз алдынча чечим кабыл алууга үйрөнүшөт.
- Кыргыз элдик кол өнөрчүлүгү — улуттук маданияттын байлыгы. Окуучуларга бул өнөрдү үйрөтүү аркылуу алар өз улутунун тарыхын, каада-салттарын жана баалуулуктарын үйрөнүшөт. Бул алардын улуттук иденттүүлүгүн калыптандырууга жардам берет.
- Кол өнөрчүлүк балдарга эмгекке болгон сүйүү жана урматты тарбиялайт. Бул процессте балдар жакшы натыйжаларга жетүү үчүн эмгектенүүнү үйрөнүшөт. Алардын эмгекке болгон мамилеси өзгөрүп, оордукту жеңип чыгармачылык менен иштөө көндүмдөрү калыптанат.
- Кол өнөрчүлүк иштерин аткарууда сабырдуулук, тактык жана жоопкерчилик маанилүү. Окуучуларга узак убакыт талап кылган ишти аткарууга көндүрүү, аларды улуу нерселерди жаратканда чыдамдуулукка үйрөтөт.
Кыргыз элдик кол өнөрчүлүгүн мектеп программасына киргизүү — окуучулардын тарбиясын күчөтүү жана улуттук баалуулуктарды сактоо үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Окуучулардын окутуу-тарбиясында элдик ДПИнын элементтерин колдонуу — алардын чыгармачылык потенциалын ачууга жана улуттук маданиятка болгон кызыгуусун арттырууга мүмкүндүк берет. Бул багытта иш алып барууда бир катар ыкмаларды колдонсо болот:
- Практикалык иш-аракеттер: Окуучуларга кол өнөрчүлүктүн негиздерин үйрөтүү жана өнөр түрлөрүн жаратуу. Кол өнөрчүлүктүн түрлөрү боюнча практикалык сабактар өткөрүү. Мисалы, кийиз жасоо, килемче токуу, ар түрдүү этнопаннолорду иштеп чыгуу жана жыгачка оюу сыяктуу иштерди мектептик сабактарга киргизүү. Окуучулар бул иш-чаралар аркылуу кол өнөрчүлүктүн негиздерин үйрөнүп, өзү жараткан буюмдар менен сыймыктануу сезимине ээ болушат. Мындай иш-аракеттерде бала өзүнүн колдору менен иштеп, тактык, чыдамкайлык, сабырдуулук жана чыгармачылык ой жүгүртүүнү үйрөнөт.
- Маданий-социалдык иш-чаралар: Окуучуларды элдик фестивалдарга, көргөзмөлөргө, мастер-класстарга жана башка иш-чараларга тартуу. Этнографиялык экскурсиялар, көргөзмөлөр жана мастер-класстарды өткөрүү. Мындай иш-чаралар аркылуу балдар кыргыз маданиятынын тереңдигин жана кол өнөрчүлүк дүйнөсүн жакындан көрүп, өздөрү да катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул иш-чаралар балдардын жалпы көркөм дүйнөсүн кеңейтүүгө жардам берет. "Элдик кол өнөрчүлүк күндөрү", “ Ата мурасы” ж.б. сыяктуу тематикалык иш-чараларды уюштуруу менен окуучулардын өздөрүнүн колунан жасалган этнобуюмдарды ( ээр, камчы, боз үйдүн макети, улуттук кийимдер жана буюмдарды) көрсөтүп, элдик көркөм кол өнөрчүлүккө болгон кызыгуусун арттыра алышат.
- Теориялык сабактар: Элдик колдонмо-жасалга өнөрүнүн тарыхын, символикасын жана алардын маанисин түшүндүргөн сабактарды өткөрүү. Бул сабактарда улуттук оюуну, кийимдери, керек-жарак буюмдары, кол өнөрчүлүк иштери талкууланып, окуучуларга кыргыз маданиятын тереңирээк үйрөтүүгө болот.
- Интеграцияланган сабактар: Кыргыз элдик кол өнөрчүлүгүн башка сабактарга интеграциялоо. Мисалы, тарых, адабият, жана көркөм өнөр сабактарында кол өнөрчүлүктүн элементтерин карап, аларды балдарга түшүндүрүү. Мындай интеграцияланган сабактар балдарга теориялык жана практикалык билимдерди бириктирүүгө жардам берет. Бул учурда балдар ар тараптуу билимдерди бириктирип, тажрыйбага негизделген билимдерди алышат.
- Окуучуларды түздөн-түз чыгармачылыкка тартуу. Балдарга өз колдору менен элдик кол өнөрчүлүктү иштеп чыгууга жана өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берүү. Мындай тапшырмалар аркылуу алар өздөрүнүн чыгармачылык жөндөмдөрүн жана идеяларын ишке ашырат.
Корутунду .
Кыргыз элдик кол өнөрчүлүгүн мектеп программасына киргизүү аркылуу, окуучулардын тарбиясында чоң өзгөрүүлөргө жетишүүгө болот. Бул процесс балдардын эстетикалык, чыгармачылык жана эмгекке болгон мамилесин жакшыртып, улуттук маданиятка болгон кызыгуусун арттырат. Элдик кол өнөрчүлүк — бул жөн гана көркөм өнөр эмес, ал ошондой эле тарбиялык багыттагы маанилүү курал болуп эсептелет жана аны мектептерде колдонуу менен, окуучулардын эстетикалык жана чыгармачылык өнүгүүсү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Бул ыкма балдарды улуттук маданиятка жана аны сактап калууга умтулууга үйрөтөт.
Көркөм кол өнөрчүлүктүн элементтерин колдонуу окуучулардын эмгекке жөндөмдүүлүгун жакшыртып,ошону менен бирге адеп-ахлахтык тарбияга да өзгөчө таасирин тийгизет.
Мектептеги окуу-тарбиялык процесстерде элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн окутулушу - улуттук баалуулуктарды сактоонун жана жаңы муунга өткөрүп берүүнүн маанилүү куралы болуп саналат. Кыргыз элдик кол өнөрчүлүгүн үйрөтүү балдарды улуттук баалуулуктарга урмат кылууга, эмгекке сүйүү жана чыгармачылыкка ыктоо аркылуу тарбиялоо үчүн маанилүү жол болуп саналат.
Мындай программалар окуучуларга улуттук маданиятты терең үйрөнүүгө, өз ишин баалап, эмгектин кыйынчылыктарын түшүнүүгө жардам берип, кыргыз элинин бай маданий мурасын сактап, келечек муунга өткөрүп берүү үчүн негизги инструмент болуп калат.Бул долбоорду кеңири колдонуу балдардын дүйнө таанымын өнүктүрүүгө, чыгармачылык жана интеллектуалдык жактан өстүрүүгө шарт түзөт.
Полная версия статьи PDF
Номер журнала «Вестник науки» № 12 (81) том 1
Ссылка для цитирования:
МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫН ЭЛДИК КӨРКӨМ КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮКТҮ КОЛДОНУУ МЕНЕН ТАРБИЯЛОО // Журнал «Вестник науки» от 1 декабря 2024 г. № 12 (81) том 1. С. 1803 - 1809. 2024 г. ISSN 2712-8849 // Электронный ресурс: https://www.вестник-науки.рф/article/19396 (дата обращения: 29.11.2026 г.)
Альтернативная ссылка латинскими символами: vestnik-nauki.com/article/19396
Нашли грубую ошибку (плагиат, фальсифицированные данные или иные нарушения научно-издательской этики) ?
- напишите письмо в редакцию журнала: zhurnal@vestnik-nauki.com
